Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келин дааратканага төрөп алдым деп өзү билдирген. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"18-февралда саат 11:00дөр чамасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө ооруканалардын биринен билдирүү түшкөн. Анда бир келиндин дааратканага төрөп алгандыгы тууралуу айтылат. Аталган келин дарыгерлерге дааратканага төрөп алдым деп кабарлаган. Бул окуя боюнча дароо эле ыкчам топ түзүлүп, милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышып, текшерүүгө алышкан. Натыйжада дивандын алдынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денесин табышкан. Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, баласынын өлүмүнө шектелген келин ооруканада", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.