Кыргыздын жаш режиссёрлору Түркиянын Стамбул шаарында өткөн фестивалда ийгиликке жетишти. Бул тууралуу алардын мугалими Стамбулбек Мамбеталиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Стамбулда уюштурулган эл аралык кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалында Кыргыз өлкөсүнөн барган 3 жаш режиссёр ийгиликке жеткен.
"Төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан "Ааламга рахмат" деген аталыштагы кинофестивалда Кыргыздын жаш режиссёру Аскар Нуракун уулунун "Тасмага болгон сүйүү" тасмасы "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгына" татыса, Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" ээ болду. Ошондой эле Салтанат Зарнаеванын "Үй" тасмасы 3-орунду ээледи", - деп билдирди Мамбеталиев.