Өспүрүмдөр арасындагы волейбол боюнча мелдеште "Салам-Алик" командасы жеңүүчү аталды

Кара-Балта шаарында 15-18-февраль аралыгында өспүрүмдөр арасындагы волейбол боюнча мелдеш өтүп, "Салам-Алик" командасы жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы мелдешке кара-балталык "Токмок" жана "Манас", бишкектик "СДЮШОР" жана "Салам-Алик", нарындык "Ат-Башы", петровкалык "Волна" командалары күч сынашкан.

Мелдештин жыйынтыгында алтын медалдын ээси "Салам-Алик" командасы болду, 2-орунду "Ат-Башы" командасы жана 3-орунду "Волна" командасы жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан