15-16-июнь күндөрү кикбокс боюнча Ошто шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти. Айта кетсек, иш-чарага 15-16 жаштагы жаш спортчулар ошондой эле шаардын спорттук клубдарынын бардык жаш балбандары катыша алат. Ал эми мелдештин соңунда жеңүүчүлөр комитеттин атынан медалдар жана дипломдор менен сыйланышмакчы.