Бокс боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргыз мушкерлер 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өтө турган Азия оюндарына даярдануу максатында Казакстандын Алматы шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бокс боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев окуу-машыгуу жыйындарына 9 спортчуну чакырган. Алардын ичинде Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси Нурлан Кобашев, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышкан Эркин Адылбек уулу жана башкалар бар.
Кыргыз курама командасы:
49 килограмм салмак ченинде: Мирлан Түркбай уулу, Сыргак Жансейитов;
52 килограмм салмак ченинде: Жаныбек Мусаев;
56 килограмм салмак ченинде: Сирожидин Абдуллаев;
64 килограмм салмак ченинде: Бек Камчыбеков, Нурлан Кобашев;
69 килограмм салмак ченинде: Абдурахим Абдурахманов;
75 килограмм салмак ченинде: Ильяс Муканбетов;
81 килограмм салмак ченинде: Эркин Адылбек уулу;
Башкы машыктыруучу: Данияр Жусубалиев;
Ага машыктыруучу: Жылдыз Ниязалиев.