Кыргыз дзюдочулары Германияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз спортчулары 21-25-февраль аралыгында Германиянын Дюссельдорф шаарында өтө турган дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдеште 71 өлкөнүн 500 спортчусунун катышуусу күтүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 7 спортчу катышат. Алардын ичинде "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышкан Юрий Краковецкий да бар.

Мелдеш бүткөн соң Кыргыз спортчулары Азия чемпиондугуна даярдануу максатында Дюссельдорфто 26-февралдан 1-мартка чейин окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт.

Кыргыз курама командасы:

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысманбетов жана Ишен Аманов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрлан Шеров;

100 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булекулов;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий;

Башкы машыктыруучу: Абдужалил Юнусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Marsel979797
2018-02-19 16:25:07
Ийгилик !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан