Жигиттер арасында өткөрүлгөн "Mister universal ambassador Kyrgyzstan" сынагынын жеңүүчүсү Аскат Осмонов Балиге жолдомо утуп алганын айтты

Бишкек шаарында жигиттер арасында эң келишимдүү мырзаларды аныктаган "Mister universal ambassador Kyrgyzstan" сынагы өткөрүлдү. Сынак 17-февраль күнү кыргыз мамлекеттик циркинде өтүп, 30 жигит катышкан. Алардын баарын артка таштап, "Эң сымбаттуу мырза" наамын жеңип алган борбордогу №74-мектептин 11-классынын окуучусу Аскат Осмонов кубанычы менен бөлүшүп, төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Сынакта улуттук өзгөчөлүк, мода көрсөтүү, классикалык, дизайнерлик өзгөчө кийимдер жана кече кийимдерин көрсөтүү боюнча жалпысынан 4 тапшырма болду. Улуттук өзгөчөлүк тапшырмасында мен ат менен оюн көрсөттүм. Кичинемден ат мингендиктен оор деле болгон жок. Жеңүүчү аталган соң Бали аралына эс алууга жолдомо жана диплом тапшырылып, таажы кийгизишти".

Белгилей кетсек, аталган сынак эл аралык сынактардын уюштуруучусу Алим Серебров тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
raykray
2018-02-19 17:24:15
Даниелге окшоттум
+3
Guldoijan
2018-02-19 17:34:48
Жигиттин макияжы укмуш го
+3
Pandora
2018-02-19 18:42:49
Модель балдарды мен эч качан "ГЕЙ-деп,эсептебейм.Кандай адам гага адам болбосун баары эле сахнага же журналдарга суроткоо тушуудо касметика колдонот камерага идеалдуу чыгыш учун,анан сахнага чынып алып талтандап баскаканда жарашпай калатго.Ошого да кызарга окшоп корунсо керек паходкалары Модель балдардан чон умут кылам алар кунумдук жашоодо касметика колдонбойт жана андан аарыга отпой эркек боюнча калат деп!!!
+6
Pchelka85
2018-02-20 00:45:10
Pandora,конечно кудай сактасын Биздин жигиттердин "андан арыга" отконунон. Просто дуйнолук статистика боюнча алып Караганда ошол "андан ары" отуп кеткендер боюнча 1-орунда стилист парикмахерлер турса 2-орунда эле именно ушул эрекек моделдер турат....
0
admin_superstan
2018-02-20 13:58:15
Pchelka85, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан