Аламүдүн районундагы Восток айылындагы фермалардын биринде жаңы төрөлгөн баласын целлофанга салып дивандын алдына катып койгон келиндин жанында 6 жаштагы баласы болгон. Бул тууралуу Аламүдүн районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Кыштообаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Төрөп баласын дивандын алдына катып койгон 32 жаштагы келин азыр Чүй облустук төрөт үйүндө дарыгерлердин кароосунда. Ал жеке менчик фермалардын биринде иштеп жүргөн. Анын жанында 6 жаштагы баласы болгон. Баласы Ысык-Ата районундагы балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Учурда келиндин жакын туугандары изделүүдө. Келиндин Кантта агасы бар экен, ал баланы багып ала алабы, жокпу териштирилүүдө", - дейт Гүлмира Кыштообаева.
Айта кетсек, Аламүдүндө келин өзү төрөп, баланы баштыкка салып, дивандын астына катып койгондугу маалымдалган. Андан кийин ал дарыгерлерге дааратканада төрөп алдым деп билдиргендиги белгилүү болгон.