Көпчүлүк сүйүп көргөн "Кыз-жигит Сармерден" берүүсү шайыр жеңесин тапты. Долбоордун режиссёру Сагын Ниязалиева: "Сынакка эл арасындагы таланттуу айымдар, артисттер катышышты. Каалоочулардын саны көп болгондуктан кастинг үч этапта өттү. Ар бир баскычтын жыйынтыгында 3-4төн катышуучу тандалып алынган. Жыйынтыктоочу этап 17-февралда болуп, анда ырчы Анара Шаимкулова шайыр жеңе деп табылды. Буюрса, берүүнүн жаңы айлампасы Нооруз майрамына карата өткөрүлмөкчү", - дейт.
Анара Шаимкулова - фольклор ырчысы, "Күтүү", "Таптым сени", "Жароокерим", "Ата-эне" жана башка чыгармалардын аткаруучусу.
Эске сала кетсек, «Кыз-жигит сармерден» долбоорунун алгачкы алпаруучусу Гүлзат Батырканова 2015-жылы январь айында жол кырсыгынан көз жумса, андан кийинки шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын октябрь айында 40 жашында каза болгон.