Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бир нече үйгө уурулукка кирип жүргөн адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал 2-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсинин 270 миң сом акчасын жана 3 алтын шакегин алып кеткен. Ортодон 3 күн өткөндөн кийин 5-февраль күнү Көк-Таш айылындагы жаңы салынган үйгө уурулукка кирип баалуу буюмдарын уурдаган. Ошол эле күнү Сакалды айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине кирип ал жерден да баалуу буюмдарын алып кеткен.
Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, мурда да уурулук менен соттолгон Ноокен районунун Масы айылынын тургуну, 1985-жылы туулган М.М. колго түшүрүлгөн жана жасаган кылмышын толук моюнуна алган.
"Учурда райондук милиция ал жаранды камакка алды жана башка кылмыштарга тиешеси бар-жоктугун иликтеп жатат", - деп айтылат маалыматта.