Украиналык модель Алина Байкова Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо менен болгон "романы" тууралуу жергиликтүү басылмаларга маалымат берди.
Ал бир гана Украинага эмес, Европа өлкөлөрүнө да таанымал модель боло алган. Голливуддагы ар кандай кечелерде Леонардо Ди Каприо менен чогуу жүргөн сүрөттөрү социалдык тармактарга жайылып, алардын мамилесин териштиргендер көбөйгөн. Мындай маалыматтар айрым чет элдик басылмаларда жарык көргөн эле.
Өз өлкөсүнөн тышта жүргөн Алина Байкова мекенине кайтып келип, ага карата айтылган кептерге жооп берди.
"Мени менен Голливуд жылдызынын ортосунда сүйүү болгон деген кеп жалган. Биз жөн гана доспуз. Жана дагы эң жакын курбумдун жигити менен эч качан мамиле курмак эмесмин", - деген.
Белгилей кетсек, украиналык Алина Байкова менен германиялык модель Тони Гарнн бир нече жылдан бери жакын курбулар. Алардын достук мамилесине дүйнөлүк шоу-бизнестин өкүлдөрү да суктанары маалым. Буга чейин Тони Гарнн америкалык актёр Леонардо Ди Каприо менен сүйүү мамилесинде болгон.