Роналдунун 11 метрлик "сыйкырдуу" соккусу

Өткөн жумада, тагыраагы 14-февралда Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык баскычындагы "Реал Мадрид" жана "ПСЖ" командаларынын ортосунда болгон биринчи оюндагы Роналдунун "ПСЖ" командасына киргизген 11 метрлик голу интернетте кызуу талкууларды жаратты.

Анда Роналду 11 метрлик айып тобун теберде топ жерден бир канча миллиметр көтөрүлгөн. Муну айрымдар Роналдунун чеберчилиги десе, айрымдар кокустук деп баалашкан.

Бул тууралуу Роналдунун мурунку командасы "Манчестер Юнайтедде" бирге ойногон Рио Фердинанд да өз оюн билдирген. "Бул ыкмада сокку узатуу топтун ылдамдыгын күчөтөт, тирөөч бут түшкөн газон кыймылга келгенде топ жерден бир канча миллиметр көтөрүлөт, мындай соккуну Роналду Юнайтедде машыгуу учурунда жасаган. Мындай сокку узатуу акылга сыйбай турган нерсе", - деген Роналдунун мурунку командалашы Фердинанд.

Бул беттеште "Реал" өз үйүндө "ПСЖ" жаатын 3:1 эсебинде жеңип алган.

Роналдунун 11 метрлик "сыйкырдуу" соккусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
R_u_S
2018-02-20 00:48:50
Мына сага чеберчилик
+13
roni.07
2018-02-20 00:58:15
Мыкты футболчу!
+9
Taku.14.02
2018-02-20 03:16:10
Тан калыштуу. Франция менен ойноп атканда финалда кополок келип конотго
+7
jizn_voram
2018-02-20 03:40:27
Раал Мадрид дегиле?)
+6
Azat.97
2018-02-20 06:58:03
Hala Madtid
+3
Ruslan_d
2018-02-20 08:39:15
Бул чон чеберчилик топ секирген убакта тепгени
+2
Rasul94
2018-02-20 10:20:04
Ронго ден соолук каалайбыз.эч карыба
+2
48489494kuban
2018-02-20 11:46:16
КриРо красавчик
-1
FCBMESSI
2018-02-20 13:17:02
Кокустук
+1
Adilet9595
2018-02-20 14:08:16
Конечно Мессинин фанаттарына бул нерсе кокустук да
-2
Mir17
2018-02-20 16:05:50
Биротоло кудай деп алсанар ронду
Сыйынып чугунуп алгыла)))
Газон жумшак болот куч мнен барганда сурулуп кеткен да...!!!
0
Makkambaev97
2018-02-20 17:18:43
Кокустук деген болбойт бул чеберчилик
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан