Москвада аял суу толтурулган ваннада селфи сүрөткө түшөм деп жатып ток уруп каза болду

Москва шаарынын 42 жаштагы тургуну ваннада жатып селфи жасайм деп токко урунуп каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Москва шаарынын 42 жаштагы тургуну ваннада жатып селфи жасоого аракет кылган, натыйжада кубатталып жаткан телефону суунун ичине түшүп кетип токко урунуп каза болгон. Жансыз денени алгач баласы көрүп калган.

Узак убакытка жуунучу бөлмөдө кармалып калганын байкаган баласы кабар алганы киргенде апасы эс-учун жоготуп жатканын көргөн жана телефон да суунун ичинде жаткан. "Тез жардам" келип текшерүүгө алганда аял каза болуп калганы белгилүү болгон.

Кырсык болгон жерден шарап, китеп жана шам табылган. Каза болгон аял бир нече саат ваннада жуунуп, эс алууну максат кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
timoha81
2018-02-20 07:50:26
Сооооп болот,ванна селфи тушчу жер эмес жуунчу жер
+6
Shekeev969798
2018-02-20 08:01:50
Телефондун заряднигинен ток тартпайт 5 воль 2 амперге чымын да олбойт Башка нерседен улам каза болгондур Маалыматты тактап берсе болмок жаш баланын созун суйлошпой
+3
Kg.arts.
2018-02-20 08:57:08
Shekeev969798,ошол зарядник да сууга тушсо адам олтурчуудой ток болунуп чыгат деп коп эле жолу тв дан эскертуу берип жаткан. Буга чейин да ушундай окуя болгон экен.
+14
tursunbaev78
2018-02-20 11:54:55
Shekeev969798,ишенбесең экспертиза жасап көр,анан айтасың 100% гарантиясы менен,тартабы,тартпайбы
+3
Gulnaz.GS
2018-02-20 13:45:28
tursunbaev78,эксперт жазатып не кыласын.эртен Кыргызстанда селфи жасайм деп ваннадан олду деп чыгып калбасын супер инфодон
+2
Bodibilding
2018-02-20 15:53:38
Shekeev969798,нютондун закону бар нерсеге аракет еткен күч нерсенин ылдамдануусуна болгон кобойтүндүсүно барабар деген еми ойлоп көр 5вольтту сууга тийгенде канча вольт болоорун.
+1
jbolotov
2018-02-20 11:11:47
Зарядтагыч сууга тушуп кетсе 220 ток урат.
+5
Adiletia
2018-02-20 23:10:40
jbolotov, зарядниктин өзү сууга салынбайтда, эгер сууга түшүп кетсе конечно урат. А так штекер салынса урбайт. Ньютон мьютон деп акылдуулар көпко.
-1
Begaiko
2018-02-20 22:42:41
Эх селфи, канча адамдын өмүрүн алдын
.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан