Өлкөдө изделип жүргөн кылмышкер башка ат менен Орусиянын абагында отурганы белгилүү болду

Оор кылмышка шектелип Кыргыз мамлекети тарабынан издөөдө жүргөн адам башка ат менен Орусиянын абагында отурганы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусиянын прокуратура кызматкерлери Липецкий облусунда баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга айыпталып абакта отурган жарандын аты-жөнү башка экенин такташкан. Чындыгында ал жарандын ысымы башка экени, ага Кыргыз мамлекетинин укук коргоо кызматкерлери тарабынан эл аралык издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын чечими боюнча, кылмышкер коюлган жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Кыргыз мамлекетинин укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.

Аты-жөнү такталган адам Кыргыз мамлекетинде адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп издөөдө жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2018-02-20 07:28:47
Ээ супер эмнеге кылмышкердин атын айтпайсынар толук аты жонун кай жерлигин улутун толук жазбайсынар
+13
Jango
2018-02-20 08:53:03
Супер озунун сотрудниктеринин коопсуздугун ойлосо керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан