Ош шаарындагы батирлердин биринен эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-февраль күнү саат 11:12 чамасында ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары Анар кичи районундагы батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1957-жылы туулган С.Ю. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Тиешелүү документтер толтурулган соң жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.