Кышкы Олимпиада оюндары: Спорттун 10 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 медалдар топтому ойнотулат

Бүгүн, 20-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 10 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 медалдар топтому ойнотулат.

Медалдар муз үстүндө бийлөө, хаф-пайп кыз-келиндер арасында, биатлондун аралаш эстафетасы, шорт-трек кыз-келиндер арасында жана мырзалар арасында, трамплинден секирүү жана лыжа менен жарышуу боюнча ойнотулат.

Медалдык жарышта Норвегия 11 алтын, 9 күмүш жана 8 коло байге менен сап башында келе жатат. Германия 10 алтын, 6 күмүш, 4 колосу менен экинчи орунда, 6 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медалы менен Канада үчүнчү орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан