КҮНСЕРЕП: Жээнбеков оппозициянын колдоосуна татып, Ак үйдөгү айрымдардын уйкусун бузууда

Бүгүн, 20-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматтан бошотулду. Аталган кызматтын дагы 20дай кызматкери жумуштан бошотулганын айрым ЖМКлар жазып чыгышып, УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов мекемеде кызматкерлерди ротациялоо жүрүп жатат деп түшүндүрдү.

8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков адегенде УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Финпол өӊдүү коррупция менен күрөшүүчү органдардын өзүн коррупциядан тазалоо керектигин айткан. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жогорку бийлик органдарындагы коррупцияны ооздуктоо максатында түзүлгөнүн, бирок үмүт акталбай, кызматта кол тийгис чиновниктердин катмары гана жаралып калганын сындаган.

Президент Жээнбековдун өлкөнүн укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарына нааразычылыгы бийликтин ичиндеги топтордун ич ара тирешинин белгиси болушу да мүмкүн. 2017-жылкы президенттик шайлоого чейин саясаттагы оюн эрежеси классикалык түрдө бийлик менен оппозиция күрөшү форматында эле. Өткөн жылдагы президенттик шайлоо, өлкө башына Сооронбай Жээнбековдун келиши жагдайды өзгөрттү. Эми бийликтин ичиндеги топтордун арасында таасир талаш күч алышы мүмкүн. Алмазбек Атамбаевдин каалоосу менен кызматка келген жогорку кызматтагы айрым кадрлар Жээнбековго да ишенимдүү жана керектүү кадр боло алышабы деген суроо ачык бойдон турат.

Ажо коррупцияга батып калды деп күч түзүмдөрүн, укук коргоо, көзөмөл органдарын сындагандан көп өтпөй интернет желесине Сооронбай Жээнбековдун аты аталган чуулуу видеонун жарыяланышы суроо жаратты. Оппозициядагы саясатчылардын басымдуу бөлүгү бүгүн Сооронбай Жээнбековду сынга албай, тескерисинче айрым аракеттерин колдоого алып, анын иш-аракет, сөздөрүнө баам салып, саясаттагы кийинки күрөштүн багытын аныктамакчы болуп турушат. Мындай жагдай атамбаевчилерден куралган Жээнбековдун жакын чөйрөсүнүн нервин бир аз чыңалтып жаткан сыяктанат...

Парламентте Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Депутаттар ЖЭБди жаӊылоого кеткен 386 миллион доллардын чоо-жайын талкуулашууда. Комиссия ишине мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, "Электр станциялары" ишканасынын ал кездеги жетекчиси Салайдин Авазов чакырылган, бирок келишкен жок. Артыкбаев АКШда сапарда жүрсө, Авазов учурда Жалал-Абад шаарынын мэри катары Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясынан бошобой калыптыр.

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова 2013-жылы ЖЭБди жаӊылоо долбооруна мекемелер аралык комиссия жооптуу болгонун, комиссияны ал кездеги энергетика министри жетектегенин айтты. Ушул эле сөздү "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев дагы айтты. 2013-жылы Энергетика министрлигин азыркы тапта Жогорку Кеӊеште КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев жетектеп турган.

Комиссия мүчөлөрү ТВЕАнын каржылоосу менен 2013-жылы кайсы чиновниктер, кандай максатта Кытайга барып келгенин да териштиришти. 2013-жылы расмий жарыяланган маалыматка таянсак, аталган сапарга Жогорку Кеӊештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Мурадыл Мадеминов, Токтогул Туманов, Малик Осмонов, Абдулатип Режевалиев, Исхак Пирматов, Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов, Абдумиталип Кочкорбаев, Бактыгул Маматов, Равшан Жээнбеков, ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев барышкан. Аты аталгандардын ичинен учурда Турсунбеков, Арапбаев, Мадеминов жана Артыкбаев КСДПнын атынан, Пирматов “Бир болдун” атынан парламентте депутат. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү эми кесиптештерин суракка алып, өкмөт өкүлдөрү сыӊары аларды да жарга такоого тийиш.

ЖЭБди жаӊылоо чуусу 386 миллион доллар менен бүтпөйт. Кытайлык ТВЕА компаниясы "Электр станциялары" ишканасына 20,3 миллион доллар суммасында гранттык каражат берген. "Электр станцияларынын" билдиришинче, 300 миӊ долларлык гранттык акчага эмерек, компьютер өӊдүү буюмдар сатып алынган. Кайсы компаниядан, кандай жол менен, кайсы баада сатып алынганына азырынча жооп жок. ЖЭБди жаӊылоодо 386 миллион доллардын 360 миллиону иштетилип, калган 26 миллиону Кыргыз тараптын эсебинде сакталып турганы айтылды. Бул кепилдикке каралган акча катары Кытайга кайтарылып берилет. Кыргыз өлкөсү 386 миллион доллар кредитти үстөгү менен Кытайдын банкына 480 миллион доллар суммасында кайтарууга тийиш. Депутаттык комиссия кийинки отурумуна Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов өӊдүү энергетиктерди кайра чакырышты. Депутаттык комиссия өз милдетин калыс түрдө аткарабы же карга карганын көзүн чокубайт болобу? Коомчулук бул ишти тыкыр көзөмөлдөп турган маал...

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен аймагына 2 күндүк иш сапары менен барды. Жергиликтүү эл менен жолугушууда Жээнбеков президент катары быйыл аймактарды өнүктүрүүгө, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, чек ара маселелерин чечүүгө басым жасай турганын айтты. Өткөн аптада Баткенге премьер-министр Сапар Исаков барып, облустук жыйында Баткен аймагын өнүктүрүү үчүн кандай иштер жасаларын айтып келген. Ошентип, бир аптада өлкөдөгү 2 жогорку жетекчи көйгөйү көп Баткенден кабар алды.

Расмий маалыматка таянсак, аймакта 202 айылдын 30у гана интернет менен камсыздалган. Сыртта 21-кылым экенине карабай 42 айылда азыркыга чейин уюлдук байланыш жок. Чек ара жаӊжалдары басылбай, жергиликтүү эл күтүүсүз коркунуч алдында күн кечирүүдө. Андыктан, өлкө жетекчилеринин аймактык сапарлары жөн гана саякаттоо, жергиликтүү чиновниктердин сыйын көрүп, кургак отчётторго кубанып кайтуу болуп калбай, реалдуу жыйынтык көрсөтүүгө тийиш. 2018-жылдын "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланышы бүт республикага, айрыкча чек арага жакын айылдардын жашоочуларында үмүт жаратты. Жыл жыйынтыгы 10 айдан кийин бааланат...

Кыргыздын уялчаак, жан дүйнөсү назик депутаттарына үлгү. Япониянын Нисиномия шаарынын мэри Такеси Имамура журналистти коркутканы үчүн кызматтан кетти. Алдыдагы мэр шайлоого эмне үчүн барбай турганын сураган журналистке ал "жакындасаң өлтүрөм" деп коркутуу менен жооп берген. Мэрдин жоругу нааразычылыктарды жаратып, коомдук пикирден улам Имамура кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Коомдук пикирди, моралдык жоопкерчиликти сезип кызматын тапшырууну Кыргыз чиновниктери үйрөнө элек. 2017-жылы Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабекова журналист кызды “10 эркекке салып берем, бетиңди тилем, бетиңди тегиздеп коём” деп коркутканы жазылган аудиожазуу тараган. Депутат аудиожазууну "монтаж" деп, бирок анын монтаждалганын коомчулукка далилдеп, атын актаган жок. Журналист кыз Мусабековага чара көрүүнү суранып Башкы прокуратурага кайрылган. Бул кайрылуу боюнча прокуратура эмне жыйынтыкка келгени жарыяланбады. Алгач кесиптешинин бул сөздөрүнө “шок” болгонун билдирип, бул маселени жыйыныбызда карайбыз деген КСДП фракциясы жоопкерчиликти партиянын Саясий кеӊешине түртүп коюп кутулган. Саясий кеӊеш окуяны сот териштирсин деген жооп тапты. Ошону менен бул иш жыйынтыкталды. Япониянын, Улуу Британиянын чиновниктеринен айырмаланып, Кыргыз чиновниктери коомдук сынды, коомдук пикирди кызматтан баш тартууга татыктуу иш деп эсептешпейт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан