Кыргызстан-Эстония футбол командаларынын мелдеши тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкөнүн достук мелдеши 11-июнда Таиландда өттү. Таймаштын 1-оюнунун акыркы мүнөтүндө эстониялык Сандер Пури өз командасына 1 гол алып келүүгө жетишти. Ал эми 2-оюндун 67-мүнөтүндө кыргызстандык Вадим Харченко атаандашынын дарбазасына 1 топ киргизип, мелдешти 1:1 эсебинде соңуна чыгарды. Айта кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын кийинки оюну 14-июнда молдовалыктар менен өтмөкчү.