Актёр Болотбек Тилек бүгүн, 20-февралда 29 жашка толду. Ал туулган күнүн шаан-шөкөтсүз эле өткөрөрүн, бирок 30 жашын өзгөчө белгилейин деген ойлору бар экенин айтат.
"Маанай сонун, түнкү саат 12:00дөн тартып эле досторум, туугандарым, тааныштарым куттуктап башташкан. Бүгүн 29 жашка чыгып жатпаймынбы, бул жолу шаан-шөкөтсүз эле өткөрөйүн деп жатам, 30га чыкканда юбилейди шаан-шөкөт менен өзгөчө белгилейин деген ойлор бар. Жашым деле келип калды, үйлөнүшүм керек. Буюрса, 30 жашымды келинчегим менен тосом, майрамды экөөлөп уюштурабыз", - дейт актёр.
Белгилей кетсек, актёр Болотбек Тилек Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. "Салам, Бишкек", "Түндүктүк келин", "Соолуган гүлдөр" тасмаларында роль жаратып, бир топ ырчылардын клиптерине да тартылып, калың элге таанылган.
20-февралга карата жылнаама.