Орусиянын Ижевск шаарында эки өспүрүм кыз өз жанын кыйды. Маалыматка караганда, окуя 19-февраль күнү болгон. Анда эже-сиңди көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирип кетишкен. Учурда укук коргоо органдары эки өспүрүм кыздын өз жанын кыйышына эмне себеп болгонун иликтеп жатышат.
Айрым күбөлөрдүн билдиришинче, 12 жаштагы Мария жана 15 жаштагы Анастасия эже-сиңдилер. Мария жактырган жигити менен жолугуша баштаганын апасы билип калып текшерүү үчүн гинекологго алып барарын айтып урушкан.
Алар көп кабаттуу үйдүн чатырына чыккан соң акыркы жолу сүрөткө түшүп, видео тартып социалдык тармактарга жүктөшкөн. Өлүмгө эч кимдин тиешеси жоктугун айтып, кыздар жакындарынан кечирим сураган кат калтырышкан.