Кышкы Олимпиада оюндары: Онунчу мелдеш күнү жыйынтыкталды. Алдыңкы үчтүктө Норвегия, Германия жана Канада курамалары жайгашууда

Кечээ, 19-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын онунчу мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 11 түрүнөн мелдештер өтүп, 3 түр боюнча медалдар ойнотулду.

  • Бобслей;
  • Трамплинден секирүү;
  • Коньки менен жарышуу.

Бобслей

Бобслей боюнча мелдеште 2 спортчудан турган 30 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгында эки команда бирдей жыйынтык көрсөтүп алтын медалдарды тагынды. Канадалык Жастин Криппс менен Александр Копач жана германиялык Франческо Фридрих менен Торстен Маргис аралыкты 3 мүнөт 16.8 секундда өтүп алтын медалдарды тагынды. Австриялык Оскар Мелбардис жана Янис Стренга 3 мүнөт 16.91 секунд жыйынтыгы менен коло медалдардын ээси болушту.

Трамплинден секирүү

Трамплинден секирүү боюнча мелдеште командалар арасындагы күч сынашуу орун алды. Мелдештин жыйынтыгында 1098.5 упай топтогон Норвегия курама командасы алтын байгенин ээси болду. Күмүш медалдарды 1075.7 упай топтогон Германия курамасы тагынса, коло медалдарды 1072.4 упай топтогон Польша курамасы тагынды.

Коньки менен жарышуу

500 метр аралыкка коньки менен жарышуу мелдешинде 36 спортчу күч сынашты. Норвегиялык Ховар Лорентсен аралыкты 34.41 секундда өтүп алтын медалдын ээси болду. 2-орунда 34.42 секунд жыйынтыгын көрсөткөн кореялык Чха Мин Гю жайгашса, 3-орунду кытайлык Гао Тинюй ээледи, анын жыйынтыгы 34.65 секунд болду.

Жалпы командалык эсепте Норвегия курама командасы 11 алтын, 9 күмүш жана 8 коло байге менен сап башында келе жатат. Германия курама командасы 10 алтын, 6 күмүш, 4 колосу менен экинчи орунда жайгашса, 6 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медалдын ээси Канада курама командасы үчүнчү орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-02-20 11:39:13
Медальный зачёттун тизмесин киргизип койсонор жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан