Бүгүн, 20-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 9 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 медалдар топтому ойнотулууда.
Азыркы тапта фристайл боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште жалпы 24 спортчу катышып медалдар үчүн күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында канадалык Кэсси Шарп 95.80 мыкты көрсөткүчү менен 1-орунду ээледи, франциялык Мари Мартино 92.60 жыйынтыгы менен 2-орунда жайгашса, 3-орунду АКШлык Брита Сигурни жеңип алды.
Азыркы тапта жалпы командалык эсепте Норвегия курама командасы 11 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунду Германия курама командасы 10 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль менен ээлесе, 3-орунда 8 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медалдын ээси Канада курама командасы жайгашууда.