Бүгүн, 20-февралдан 21-февралга караган түнү Европанын эң ири футболдук лигасы - Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары уланат. Анда англиялык “Челси” өз үйүндө испаниялык “Барселонаны” кабыл алат. Ал эми германиялык “Бавария" Мюнхенде түркиялык “Бешикташты" тосуп алат.
Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 15-мартка белгиленген.
“Челси” (Англия) - “Барселона” (Испания)
,
Стадион: Лондон шаары, "Стэмфорд Бридж" стадиону
Калыс: Жюнейт Чакир (Түркия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).
“Бавария" (Германия) - “Бешикташ" (Түркия)
Стадион: "Альянц Арена" стадиону
Калыс: Овидиу Хацеган (Румыния)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).