"Челси" - "Барселона". Виллиандын 3 соккусу

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын дагы бир кызыктуусу саналган англиялык "Челси" командасы менен испаниялык "Барселона" клубунун ортосундагы оюн 20-февралдан 21-февралга караган түнү орун алды.

Оюн башталгандан тартып "Барселона" өз стилине ылайык топко ээлик кылуу менен оюн жүргүзүп жатты. "Барселона" конокто оюн өткөргөнүнө карабай үй ээлеринин жарым талаасына жайгашып, бири-бирине пас алмашуу менен топту атаандашына бербей улантып жатышты. Топко көбүрөөк ээлик кылып, "Челсинин" дарбазасына жакындоого аракет кылганы менен, англиялыктардын коргоочулары Месси баштаган католондук чабуулчуларга эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Тескерисинче, топко аз ээлик кылып, каршы чабуул менен оюн жүргүзгөн "Челси" командасы эки ирет кооптуу соккуну узатты. Виллиандын айып чийининин сыртынан тепкен соккусу биринде дарбазанын оң темирине тийсе, экинчисинде сол тарабына тийди. Ошентип биринчи бөлүктө көк-анар түстүүлөрдү дарбаза темири сактап, эсеп сандары 0:0 менен аяктады.

Экинчи бөлүк башталгандан тартып оюндун жүрүшү биринчи бөлүккө караганда бир топ жогорку деңгээлде болуп жатты. Оюндун 62-мүнөтүндө бурчтан көтөрүүгө ээ болгон "Челси" командасы ойлонулган ыкма менен "Барселонанын" дарбазасына жол таап, Эден Азардын берген тобун Виллиан жогорку чеберчилик менен ишке ашырып, топ бурч аркылуу дарбазага кирди. Эсеп сандары 1:0. Оюндун 75-мүнөтүнө келгенде "Барселонанын" ортоңку бөлүктөн койгон чабуулу ийгиликтүү болуп, Иньестанын берген тобун Месси дарбазага багыттап, оюндун эсебин 1:1ге өзгөрттү. Андан аркы оюн позициялык чабуулдар менен коштолуп жатты, жооптук беттеш бар экенин сезген эки жаат тең тобокелдикке барган жок. Оюндун 90-мүнөтү, ышкырык жаңырды, эсеп сандары 1:1.

Англиядан тең ойноо менен кайткан "Барселона" командасы 15-мартта "Челси" командасын "Камп Ноу" стадионунда күтүп алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Azat.97
2018-02-21 06:46:35
Челси жептир го.Азаматсын Виллиан Камп Ноудон да ушундай оюн коргоз.
-2
azabraza
2018-02-21 08:03:05
Челси эмнени жептир
+7
aksuu_aduk
2018-02-21 09:45:31
Конокто 1+1 жакшы жыйынтык жеңгендей еле болуптур.Эми өз үйүдо тең 0-0 ойносо да болот
+3
Rasul94
2018-02-21 09:49:10
ызы чуу болуп аткан оюнубуз да бутту.
+1
Isco23
2018-02-21 15:28:41
Rasul94,камп Ноуда женет челси
+1
FCBMESSI
2018-02-21 11:00:05
Барсанын коргонуусу жакшы болуп калыптыр .Буюрса оз уйундо Челсини талкалайт
0
Bek_L
2018-02-21 11:42:51
Реал МАДРИД!!!
+2
azabraza
2018-02-21 18:58:51
Bek_L,реалыны псж талкалайт го уйуно алып барып алып
-3
Esenali
2018-02-21 11:45:26
Челси коргонууда жатып алдыго БАРСА сайып кетпесин деп
0
Rasul94
2018-02-21 13:08:52
туугандар темага байланыштуу комментарий жазалычы.Челси Барселона ойносо Реалды кошпой.айтканды жаман корбогуло.
кечиндеги оюнга менин оюм.кароче закрытый оюн болду.удовольствие ала албадым.жеке оюм
0
Alixan-Nookat.2015
2018-02-21 13:12:39
Челси күчтүү оюн көргөздү азаматтар кооптуу соккулар көп болду Барселона жеңилип калат окшойт дедим эле эсеп тең болуп калды.
+3
Boha1
2018-02-21 13:14:28
Буйруса Барса Камп Ноу стадионунан жайлашат.
-1
ABIL
2018-02-21 13:38:43
Бaвapия гaнa туpуштук бepe aлышы мумкун кaлгaндapын Бapсa кучук кылып ойнотот хe хe
+2
Isco23
2018-02-21 15:29:37
ABIL,ойнотсо ушуга чейин ойнотуп утпайт беле,хехе
+1
Esenali
2018-02-21 20:24:06
Isco23,кагып таштадыго
+1
Makkambaev97
2018-02-21 21:11:59
Барсанын оюну кызыксыз отот ар дайым жакшы оюн куткон болчумун
0
murat17
2018-02-21 21:23:50
Кимиси кучтуу болсо ошол женсин камп ноуда бирок англиялык клубдар 5тен чыкса жакшы болмок
0
kojomkul97
2018-02-21 22:54:08
Месси карерасында биринчи ирет гол урдугоо челсиге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан