Чемпиондор лигасында "Бавария" "Бешикташты" баш көтөрткөн жок

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын дагы бир жаңылыкка бай оюну болуп саналган "немистик машина" аталып жүргөн "Бавария" менен түрктөрдүн "Бешикташ" клубунун ортосундагы оюн 20-февралдан 21-февралга караган түнү болуп өттү.

Чемпиондор лигасында тажрыйбасы көп, бир чети үйүндө оюн өткөрүп жаткан "Бавария" командасы оюн башталгандан тартып кооптуу чабуулдарды жасай баштаган. Конокто оюн өткөргөн "Бешикташ" дагы алсыздыгын көрсөткөн жок. 16-мүнөттө чабуулда бараткан Левандовскийди чалып жыккандыгы үчүн "Бешикташтын" коргоочусу Домагой Вида кызыл кагазга ээ болуп, оюндан четтетилди. Оюн ушул мүнөттөн тартып өзгөрө баштады, бир оюнчуга аз ойноп жаткан "Бешикташтын" дарбазасына удаа-удаа соккулар болуп жатты. Коноктордун дарбазачысы Фабрисио мыкты сейвдерди жасаганы менен, "Бавариянын" чабуулдарынын бири 43-мүнөттө максатына жетти. Оюн 1:0, гол ээси Мюллер, биринчи бөлүк аяктады.

Экинчи бөлүктө оюн бир беткей уланып жатты. Кээде гана "Бешикташ" оюнчулары кооптуу чабуулдарды жасабаса, топ "бавариялыктардын" бутунда ойнолуп жатты. Экинчи бөлүк башталганына аз гана убакыт болгондо Кингсли Коман эсепти 2:0 гө айлантты. 66-мүнөттө Мюллер 2-голун киргизди. 79 жана 88-мүнөттөрдө Левандовский 2 гол киргизди. Жалпы эсеп 5:0, "Бавариянын" кийинки баскычка болгон ишенимдүү биринчи кадамы шилтенди. "Бешикташ" кийинки баскычка чыгуу үчүн кандай "сыйкыр күч" колдонору белгисиз. Ошентип "Бешикташ" ызалуу жеңилүүсү менен үйүнө кайтты.

Жооптук беттеш 14-март күнү "Бешикташ" клубунун Водофон-Арена стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2018-02-21 06:48:54
Бавария,Челси,Тоттэнхем,Реал,Ливерпуль,Сити 1/4 отту окшойт уже
-1
murat17
2018-02-21 21:27:33
Бавария Ливерпуль Ман сити Реал Тоттенхем чыгат Ман ютд деле чыгат го Рома менен челси чыкса жакшы болмок
0
murat17
2018-02-21 21:28:04
Бавария Ман сити финал болсо зынк болмок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан