Текшерүү орусиялык кёрлинг спортчусун допинг каражатын пайдаланган деп көрсөттү

Пйоңчаңда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында бир нече спортчулар допинг колдонду делип, текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын арасында орусиялык кёрлинг спортчусу Александр Крушельницкий да болгон.

Допинг-тесттин жыйынтыгы кёрлинг оюнчусу мельдоний (клеткалардын энергетикалык алмашуусун нормалдаштыруучу, кычкылтектин жетишсиз болушун же кан айлануунун начарлашын жөнгө салуучу) каражатын пайдалангандыгын көрсөткөн. Бул көрүнүштөн кийин Крушельницкий күйөрмандарынан кечирим сурады.

"Өзүмдү жана Анастасия Брызгалованы болуп жаткан окуядан коргой албаганым үчүн Олимпиадага келген жалпы командадан, делегациядан жана күйөрмандарымдан кечирим сурайм", - деген.

Бул окуя Олимпиадага катышып жаткан орусиялык спортчуларга катуу сокку болду. Александрдын айтуусунда, ал допингге каршы эрежелерди дайыма сактап келген. "Тесттин мельдоний колдонгон дегени Анастасия экөөбүзгө тең таң калычтуу болду. Олимпиада оюндарынын алдында допинг каражатын акылсыздар гана колдонмок. Анткени эл аралык деңгээлдеги оюнда тестирлөө дагы жогорку деңгээлде болот", - деп тесттин жыйынтыгына макул эместигин, допинг колдонбогонун билдирген.

Учурда Орусиянын Олимпиада делегациясы аталган окуя боюнча спортчунун мельдоний каражатын качан, кандай шартта колдонгону тууралуу териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, Александр Крушельницкий Анастасия Брызгалова менен кёрлинг оюну боюнча коло медалга ээ болуп, Орусиянын куржунуна алгачкы байгени камсыздашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Djumahmatov
2018-02-21 03:47:33
Окшошбой калган тура мындан кийин бардык орус спортчуларынан шек санашат
-1
asan.toluktuk
2018-02-21 09:26:34
керлингге допингдин эмне кереги бар эле
-1
Gisi
2018-02-21 21:06:36
asan.toluktuk,ошода
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан