Бийчи Максат Токтоналиев сүйүктүүсүнүн колун сурады

Учурда клиптерден, концерттерден, корпоративдик кечелерден жигиттерден турган "We`ll be" бий тобун көп кезиктиребиз. Кыргыз шоу-бизнесинин дээрлик баарын бийлеткен "Well’be" бий тобунун хореографы Максат Токтоналиев жакында бойдокчулук менен коштошуп, нике шакегин тагынганы турат.

"Романтик эмесмин, бирок оригиналдуу идеяларым менен түгөйүмдүн жүрөгүн багынтып алгам", - деген бийчи SUPER KG порталына махабаты тууралуу айтып берди.

"Менин жан шеригим боло турган кыздын аты Азада. Биз мындан 2 жыл мурда тааныштарым аркылуу таанышып калганбыз. Бир көргөндө эле жактыруу сезимдери ойгонду. Ошондон кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Ал менин чөйрөмдөн эмес. Таттуу махабатымдын колун 19-февралда сурадым. Башкалардай болуп сүйүшкөндөр күнүндө сурайын дегем. Бирок «Well’be» бий тобу бир нече иш-чараларга чакыруу алгандыктан бош убактым болбой калды. Буюрса, кыргыздын каада-салты менен той өткөрөбүз", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ajara_13
2018-02-21 02:11:47
Куттуктайм Максат и Азада
+3
aziret-92
2018-02-21 06:18:27
Ушул баланы спортчу кыз Айсулуу Тыныбековага окшоштура берем.
+22
Nevestkaa
2018-02-21 09:34:41
Көзү эле чоң болгондо красавчик болмок экен.
+3
mentol
2018-02-21 12:58:34
Бир сулууга бир куник) бактылуу болгула омурунордун акырына чейин)
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан