Жумгал районунда "бирге спирт ичимдигин ичип отурган айылдашын бычактаган" деп шектелген жаран кармалды

Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылында "чогуу спирт ичимдигин ичкен адамды бычак менен сайып, оор жарадар кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда кабарлады.

Маалыматка ыйлык, 18-февраль күнү саат 20:40 чамасында Жумгал РИИБине Таш-Дөбө айылынын тургуну М. аттуу адамдын бычактан жаракат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Тергөөнүн жүрүшүндө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын 56 жаштагы тургуну К.М. 53 жаштагы айылдашы Б.З. менен өз үйүндө арак ичип отурганда чатакташа кетип, ал бычак менен сол көзүнүн астына жана моюн тарабына сайып жиберип, изин жашырып кетип калган.

"Жабырлануучу К.М. денесинен алган оор жаракатынан улам "Тез жардам" аркылуу Жумгал райондук ооруканасына жаткырылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 53 жаштагы Б.З. кармалган. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1-бөлүмү менен (денеге оор залал келтирүү) кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат Нарын ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begaiko
2018-02-21 14:49:37
Кыргызстанда киши өлүптур деген сөз, ит өлүптур дегендей эле болуп калды окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан