Сауд Арабия өлкөсү Орусияда өтө турчу футбол боюнча Дүйнө биринчилигине катышпай калышы мүмкүн

Сауд Арабия өлкөсү Орусияда боло турчу футбол боюнча Дүйнө биринчилигине катышпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттарынын футбол клубдары Катар менен болгон саясий мамиледен улам жергиликтүү футбол лигасында катардык клубдар менен ойноодон баш тартышкан. Мындан улам Азия футбол конфедерациясы абалды жөнгө салуу үчүн эскертүү берген. Эгер абал жөнгө салынбаса, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Сауд Арабия өлкөсүн Орусияда боло турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигине катыштырбай коюшу мүмкүн.

Эске салсак, 2017-жылдын июнь айында бир катар араб өлкөлөрү Катарды террорчулукту колдоп жатат деп айыптап дипломатиялык мамилени бузуп, чектөөлөрдү киргизген.

Сауд Арабия футбол боюнча 2018-жылы орун алчу Дүйнө биринчилигинде Египет, Орусия жана Уругвай курамалары менен “А” тобуна түшкөн. Дүйнө биринчилиги Орусиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин 32 кураманын катышуусунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adilbars
2018-02-21 12:28:19
Ото турган, же боло турган деп жазгыла да!
0
zahid
2018-02-21 12:36:36
Чын эле супер бир окуганда орой сезилет экен сунушум маанисин карап жазгыла
0
Nursultan.nurik
2018-02-21 13:09:41
Жакшыы группага тушуптур ойнош керек
0
yrmat88
2018-02-21 14:09:27
Ушул арабтар менен катарлыктар шеиит жана сунит деп болунуп кетишип бири бири менен чабышып эле келе жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан