Бүгүн, 21-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрүнөн мелдештер орун алууда.
"Кёнпхо" муз аренасында өтүп жаткан кыздар арасындагы муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште дүйнө рекорду 2 жолу жаңыланды. Бул рекорддорду орусиялык спортчулар багындырды. Алгач муз үстүнө чыккан Евгения Медведева 81.61 упай топтоп дүйнө рекордун жаңыласа, андан кийин чыккан Алина Загитова 82.92 упайга ээ болуп Медведевадан ашып өттү.
Кыздар кыска программада күч сынашып, өзүнүн алгачкы упайларын топтоодо. Бул мелдеште 30 спортчу өзүнүн бийин көрсөтүштү.
Орусиялык Евгения Медведева Фредрик Шопендин чыгармасына өзүнүн бийин аткарып, 81.61 упайга ээ болду. Ал техника үчүн 43.19 упай жана аткаруу үчүн 38.42 упай алды. Бул көрсөткүч кыска программада дүйнө рекорду болуп саналган.
Бирок Медведевадан кийин муз үстүнө чыккан Алина Загитова анын көрсөткүчүн ашып өттү. Ал техника үчүн 45.30 упай жана аткаруу үчүн 37.62 упай алып, жалпы 82.92 упай менен дүйнө рекордун жаңылады.
Муну менен азыркы тапта кыска программада Алина Загитова 1-орунда, Евгения Медведева 2-орунда, 78.87 упай топтогон канадалык Кэйтлин Осмонд 3-орунда жайгашууда.
23-февралда кыздар эркин программа боюнча күч сынашып, медалдар үчүн күрөшөт.