Жалал-Абад облусунда бир жуманын ичинде мас абалында унаа башкарган 58 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн SUPER.KG`ге билдирди.
Маалым болгондой, Жалал-Абад ОИИБи 12-18-февраль аралыгында жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежесин бузган 1932 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылган. Алардын арасында мас абалында унаа башкарган 58 айдоочу, алдыңкы терезесин караңгылатып алган 10 айдоочу, унааны катуу ылдамдыкта башкарган 356, унааны уруксат берилбеген жерге токтоткон 252 айдоочу, мамлекеттик номурду өз алдынча сатып алган 6 айдоочу, жол чыракка баш ийбеген 37 жана тиешелүү документтери жок 70 айдоочуга айып салынган. Ошондой эле башка эреже бузуулар боюнча 1146 протокол түзүлгөн.