Бишкекте Казакстандын жараны алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында Казакстандын жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына шаардагы ишканалардын биринин кызматкери кайрылган. Андан К. аттуу жаран 2017-жылы декабрда жүк жеткирип берем деп арыздануучудан 2800 доллар алып, изин жашырып кеткен.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, 30 жаштагы Казакстандын жараны кармалган. Ал эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу териштирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sizge.kat
2018-02-21 12:48:20
Беркиге алмашат болду бекен)))))
+1
nurbekasr
2018-02-21 12:53:52
Таможняга алып барып жанакы Казак тараптан кармалган адамдарга алмаштыргыла.Депутатты жөн койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан