Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия чемпиондугунун билет баасы 350 сомду түзөт

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 27-февралдан 4-мартка чейин күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Борбордо 2-жолу өтө турган чемпиондукка көрүүчүлөр үчүн кирүү акысы 350 сомду түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, көрүүчүлөрдүн санын көзөмөлдөө үчүн кирүү акылуу болот.

"Мелдешке канча көрүүчү келгенин көзөмөлдөө үчүн кирүү акысы 350 сомду түзөт. 1-кабаттагы орундар курама командалар, коноктор, журналисттер жана башкаларга берилет. Ал эми 2-кабатта мелдештин ар бир күнүнө 1290 билет даярдалат, анын жарымын биз ардагерлерге, Кыргыз өлкөсүнүн аймактарындагы мектептерге, федерацияларга жана спорттук окуу жайларга таратып беребиз, андан ашканы сатыкка коюлат. Ар бир күнгө билеттер ар башка түстө жасалат", - дейт басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, билеттер Спорт Ордосунун кассасында 23-февралдан тартып сатыкка чыгат.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу Бишкекте
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан