Бишкекте өгөй ата 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Шаар тургунунун айтымында, ошол учурда кыздын апасы толготуп төрөтканага кеткен

Бишкекте өгөй ата 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Бул окуя 14-февралдан 15-февралга караган түнү катталган. Иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт Оморов.

Ал эми кылмышка шектүү жаранды тааныган шаар тургуну Адилет Калыгулов буларга токтолду.

"Бул жарандын аялы төрөт үйүнөн көз жарып үйүнө келген соң 5 жашар кызынын абалын байкап ооруканага кайрылган. Дарыгерлер кыздын жыныстык кынында ажырым болгонун айтышып милицияга кабарлашкан. Бул жигит жарым жыл мурда тааныштарым аркылуу "4 балам бар, жашоом кыйындап кетти, колуңуздан келсе жардам кылып коюңузчу" деп мага келген. Эмне иш кылганды билесиң десем бардык жумушту кыла берерин айтты. Анан мен такси кызматында иштесин деп айдоочулук күбөлүгүнө акча берип, окуусун бүткөн соң машина алып бердим. Арадан бир жума өтпөй жатып, машинаны бузук абалында таштап кетип калган. Ортодо мага карыз болуп калды", - дейт Калыгулов.

Ошондой эле ал шектүү жаран 5 жашар кыздын апасынын үчүнчү жолдошу экенин, анын өкүл атасы милиция кызматкери болгондуктан чыгарып алуу аракеттери болуп жатканын кошумчалады.

5 жашар кызын зордуктоого шектелген өгөй ата
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
alina79
2018-02-21 16:44:21
"5 жаш", бул деген оозунан суту кете элек бала да! Кандай акмак мээси айныгын,кантип ушуга барды?Озумду коёрго жер таппай атам.Ухх мага коюп койсо ошону, мен тим эле тытып салмакмын сволочту.Кийинки кезде коп эле эркектер малдан айырмасы жок болуп калганбы дейм да?Бул малдын да жанын ошондой кыйнап,ортоп салыш керек!
+23
Maaalina
2018-02-21 17:58:33
alina79,турмодо озунода ошондой эасашат дейтго.камалса ошолжакта алат жазасын.Кудай урсун акмакты
+8
Arlenchik
2018-02-21 19:10:26
Акмак, темирдей тартип болбосо болбой калды, мындай акмактарды атып эле салыш керек, окул атасы деле кокмээби кичинекей наристеге ыплас нерсе кылганын билип туруп бошоткондун аракетин кылбай андан коро жазанды алып турмонун тубундо отуруп ошондон нары жогол дебейби!
+9
Salixa.
2018-02-21 19:31:46
Акмак!Аллах жазааңды берсин.
+9
ninja82
2018-02-21 22:03:34
Тооба кылдым,тооба кылдым дегенден башка соз таппадым. тубунон кесип ташташ керек бул эшекти,окул атасыныкын кошуп
+8
taalay25
2018-02-22 00:01:36
Ушул Калыгулов дегендин жургон жерине чоп чыкбайт.
+4
ulua
2018-02-22 03:33:00
Депутаттар, качан "бычуу" мыйзамын кабыл аласынар??? Качан кыз калбай калгандабы???
+6
Djal1987
2018-02-22 03:52:42
Короче акча чечет ким коп акча берсе ошол утат. Коросунор эртен жым болушат.
+5
Elnura1997
2018-02-22 03:56:53
Каяктагы жок мыйзамга башын тыкпай ушуга окшогонду ойлобойбу Дастан Бекешов
Педофилдерге бычуу мыйзамын киргизбесе коруносу-коруно комосу-комо болуп кала берет. Бул 1-ирет болуп жаткан жокко
+5
Erkinbek1978
2018-02-22 08:12:54
ХХХХ шапкеңерди баса кийип уялбай ушундан уялып ХХХХ кесип сала турган мыйзам чыгаргылачы
+4
MUHLISA
2018-02-22 08:33:18
Биздин УКМК ,УКУК КОРГООЧУЛАР, ушуга окшогон же болбосо элге бир азда пайдасы тийчүү иштерди жасабастан, кимдердин буйругун аткарып олтурушат болду экен.
+5
naziman
2018-02-22 09:33:59
мындайларга олум дагы аздык кылат
+2
Firdaus-Muslim
2018-02-22 09:34:51
Мындай жылаңач баатырлардын айынан канчалаган наристелердин тагдыры талкаланууда, мындайларга жан чыдагыс жаза бериш керек же атыш керек.
+2
altun89
2018-02-22 10:53:50
ушундай айбандарды мамлекет турмодонда бакпай атууга кетирсе сестенип калышат эле XXXX
+2
marsiana7
2018-02-22 13:28:01
Балалуу болдунбу кыз же эркек балан бар болсо балдарын учун башка турмуш курбай эле койгула эч качан жат киши аялынын мурдагы куйоосунон торолгон балдарды оз баласындай карабайт канчалаган балдар кыздар зордуктоого туш болуп жатышат боорунар ачышсын кыз келиндер.
0
Rama9191
2018-02-22 19:12:31
Кудайдын гана каргышы тие турган адам экен го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан