Кыргыз спортчулары Өзбекстандын Ташкент шаарында 22-26-февралда өтө турган жеңил атлетика боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Орто Азия өлкөлөр арасындагы жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз Республикасынан 13 спортчу катышат. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын спорт чебери Али Магомедгажиев бар.
Кыргыз курама командасы:
Ева Кадырова;
Татьяна Рыбакова;
Акмарал Исмаилова;
Сабина Батажиева;
Айнуска Калил кызы;
Нада Мухамед кызы;
Данил Карин;
Адилет Тавалдиев;
Денис Власенко;
Нурсултан Кеңешбеков;
Али Магомедгажиев;
Данияр Арыпбеков;
Темирлан Ильяс уулу;
Машыктыруучу: Людмила Нучипуренко;
Ага машыктыруучу: Куштарбек Таштанбеков.