Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 5-6-март күндөрү алыш күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан спортчулар келип, эркектер жана кыз-келиндер алыштын эркин жана классикалык түрүндө 6 салмак категорияда күч сынашат.
Белгилей кетсек, аталган чемпиондук III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына биринчи тандоо туру болуп эсептелет. Ал эми Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.