Ырчы Элбарчын Калилованын аткаруусундагы "Нестан Дарежан" ырынын клибинин бет ачары болуп өттү

Грузин элинин сүйүүнү даңазалаган "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасы акын Алыкул Осмоновдун котормосу менен кыргыз элинин да сүйүктүү чыгармасына айланган. Андагы баш каармандардын бири Нестан Дарежанга карата мыкты чыгарма жаралып, аны бир канча ырчылар аткарып келет. Бул жолу аталган ырды ырчы Элбарчын Калилова кыргыз, түрк, англис тилдеринде ырдап, ага клип тарткан. Бүгүн борбордогу кинотеатрлардын биринде ырдын клибинин бет ачары болуп, ага белгилүү ырчылар, композиторлор жана клиптин каармандары катышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анарбек Ибраев: "Клиптеги анча-мынча каталарды эске албаганда жакшы тартылган"

"Анча-мынча ырчылар "Нестан Дарежанды" батынып ырдай алышпайт. Элбарчын, азамат. Кыргыз тилинде гана эмес, башка ырчылардан өзгөчөлөнүп англис, түрк тилдеринде да ырдаган. Аранжировкасы да мыкты жасалган. Кайрыктарын Исрадин Аманбаев кандай жасаса, сынын кетирбей дал ошондой аранжировка жасоо чоң эмгек. Бир кемчилигин сезип калдым. Клипте суу кечкен жерде жигиттин ботинкеси өтүккө алмашып калыптыр, муну монтаждап байкатпай коюу керек эле".

Обончу, композитор Кубаныч Осмонов: "Элбарчын башкалардан сөздү даана, так айтып ырдаганы менен айырмаланат"

"Чындыгында клип дагы, ыр дагы өтө мыкты деңгээлде жаралыптыр. Сөздү сезимталдык менен, так, даана айтканы менен Элбарчын башка ырчылардан айырмаланды деп ойлойм".

Эмгек сиңирген артист Исрадин Аманбаев: "Чыгарма ырчыга багынып бериптир"

"Өткөн жайда Элбарчын карындашым мага кайрылып, ырды ырдагысы келип жатканын айтты. "Чыгарманы окудуң беле?" десем, "окугам" деди. Дагы бир жолу окуп чык деп койдум. Мындан 3 күн мурун келип, 3 тилде ырдап, клип тартып салганын айтса, ишенбей таң калдым. Угуп көрсөм жакшы аткарыптыр. Чыгарманын бир касиети бар: каармандар менен жуурулушуп, ичине кирип, жүрөктөн ырдабаса ачылып бербейт. Бүгүн мен көрүп турам, ыр ырчыга багынып бериптир. Дүйнөгө белгилүү чыгармалар адамзаты бар кезде ар кандай формада жаңыланып жарала берет. Мисалы, бир эле чыгарма спектакль, поэма, драма катары эл назарына коюлат. Ошонун сыңары клипте азыркы замандын окуясы баяндалып, ала качууну, жаштардын таза сезимин ачып бергенге аракет кылышыптыр. Кызга арналган ырды эмнеге кыз аткарган деген суроо пайда болушу мүмкүн. Бул маанилүү эмес. Мисалы, "Алымкан", "Элмира" деген ырларды качан эркек ырчы аткарды эле. Кеп ырдын жеткиликтүү аткарылышында".

Элбарчын Калилова: "Кыргызды ырым менен дүйнөгө тааныткым келет"

"Жети жылдан бери ырчылык менен алектенип келем. Буга чейин ата-энени, мекенди, улуттук символдорду даңазалап ырдап келгем. Элдин суроосу менен акыркы учурда сүйүү темасына кайрылууну туура көрдүм. Өзүмдүн обондорум да бар. Бирок сүйүү ырларынын күчтүүсүн ырдагым келип, Исрадин Аманбаев агайыбыздын "Нестан Дарежанын" тандадым".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
guli-1980
2018-02-21 17:05:34
Ушундай ырчы бар белк?
0
Alibay
2018-02-21 17:44:52
Чачыман да коп болуп кеттинер го,ырчылар.
0
Muslim_KGstana.
2018-02-21 18:03:46
Азаматсыз,Оштон окуп жакшы,озунун ак эмгеги менен которулуп эл колдоосуна татып жаткан учурунуз.
Самара Каримова деген бирого караганда талантынызды баалайм...
0
Nestana95
2018-02-21 18:04:19
Кайдан тапсак болот ырды
0
nurbekasr
2018-02-21 20:43:40
Бул жагы кызык болду го,кана айткан жазган клипинерди кошо чыгарсаңар болмок экен.Эми окуп алып көрөм го деп тургам,карасам жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан