Бүгүн, 21-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта тоо лыжа спортуна кирген лыжа менен жогорку ылдамдыкта түшүү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Кыз-келиндер арасында өткөн лыжа менен жогорку ылдамдыкта түшүү боюнча жарышта жалпы 39 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында 1 мүнөт 39.22 секунд жыйынтыгын көрсөткөн италиялык София Годжа алтын медалды тагынды. 1 мүнөт 39.31 секунд жыйынтыгын көрсөткөн норвегиялык Рагнхильд Мовинкель күмүш медалын тагынса, АКШлык Линдси Вонн 1 мүнөт 39.69 секунд жыйынтыгы менен коло байгени багындырды.
Медалдык жарышта азыркы тапта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 11 алтын, 11 күмүш жана 8 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (11 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунда жайгашты, анын капчыгында 9 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медаль бар.