Кадамжайда "өгөй ата 4 жаштагы кызын сабап, кылмышын жашыруу үчүн кызды итке талаткан" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул окуя 5-февраль күнү болгон. Анда апасы кызын атасына таштап бир жакка кеткен. Апасы келгенде өгөй ата кызды ит тиштеп алды деп айткан. Алар ооруканага барганда алгач сабалганы билинген эмес. Кийин гана кызга карата зомбулук болгону экспертизадан билинип, шектүү катары өгөй ата кармалган. Жабыркаган кыз 2014-жылы туулган, апасынын мурунку турмушунан болгон" .
Шектүү өгөй ата 1988-жылы Баткен облусунда туулган. Ага карата Кадамжай РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси ( кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.