Кышкы Олимпиада оюндары: Эртең Евгений Тимофеев слалом боюнча мелдешке катышат

Эртең, 22-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз лыжачы Евгений Тимофеев слалом боюнча жарышка чыгат. Бул күнү жалпы спорттун 9 түрүнөн жарыштар өтүп, 7 комплект медалдар топтому ойнотулат.

Евгений Тимофеев тоо лыжа спортунун слалом түрү боюнча жарышка түшөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 03:00дө башталат. Анда Тимофеев 108 спортчунун ичинен 98чи болуп жарыш талаасына чыгат.

Эске салсак, Евгений Тимофеев тоо лыжа спортунун гигант слалом түрү боюнча мелдештин биринчи баскычында 110 спортчунун арасында 72-орунду ээлеп, экинчи баскычта 63-орунду ээлеген.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн барган Тариэл Жаркымбаев спорттун лыжа менен жарышуу түрү боюнча мелдешке чыгып, 79 спортчунун ичинен 78-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mukanbet00
2018-02-21 16:32:38
АЛЛАХЫМ КОЛДОСУН СЕНИ
0
admin_superstan
2018-02-21 16:36:09
mukanbet00, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан