Бүгүн, 21-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Учурда хоккей боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештин коло медалынын ээси белгилүү болду.
"Квандон" хоккей борборунда өткөн коло байге үчүн беттеште Финляндия менен Орусия курама командалары кез келген. Беттештин 2-мүнөтүндө финляндиялык Миннамари Туоминен эсеп санын ачты. 20-мүнөттө Сюзанна Тапани эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү. Арадан 2 мүнөт өтпөй Орусия курамасы Ольга Сосинанын голу менен жооп кайтарып, эсепти теңдегенге аракет жасап жатты. Бирок 32-мүнөттө Линда Вялимяки эсепти 3:1 кылып командасын алдыга чыгарды. 43-мүнөттө Людмила Белякова эсепти 3:2 кылып командасын үмүттөндүрдү. Бирок орусиялык спортчулар кооптуу чабуулдарды жаратканы менен, таамай болбой жеңилүү ызасын тартты.