Бишкекте дүкөндү тоноого шектелип 3 кыз кармалды, алардын кичүүсү 18 жашта

Кечээ, 20-февралда Бишкек шаарында дүкөндү тоногон деп шектелип 3 кыз колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-февраль күнү Бишкек шаардык Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына куралдуу кол салуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Тартип сакчылары окуя болгон жерге барганда дүкөндүн сатуучусун кылмышкерлер ашкана бычагы менен коркутуп, 5 миң сом акчасын жана кол телефонун алып кеткени маалым болгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган С.Т., 2000-жылы туулган Г.Т. жана 1999-жылы туулган Ы.Ж. колго түшүрүлгөн.

Учурда кармалган кыздарга "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Aidar.001
2018-02-21 19:36:38
Шумдуктуулар! !!
+4
Baatirbek81
2018-02-21 20:18:09
Азаматар
0
Soni130587
2018-02-21 20:45:05
Кыз башы менен ушул ишке кантип барды
+2
Totyua.71.
2018-02-21 20:55:10
Жапжаш кыздар экен,жасаган иштерин кара!
+1
zevs
2018-02-21 20:55:44
жаш болсо да кары корунотко булар
+5
altun89
2018-02-21 21:23:43
бычак которуп тоногондун балакетин аламбы кыз баштары менен!уят уят
0
ararat...
2018-02-21 21:56:03
Ээ жигиттер байкагыла деги)))
+1
Almazbek1980kg.
2018-02-21 22:15:24
Ар бириң 5000$ түштүңөр эми.
+2
kairan_ozum
2018-02-21 22:25:20
Азыр го убактылуу кармоочу жайда бул кыздардын келечеги кандай деген суроо кыйнады мени жапжаш 18 жашта ушунтип отурат эртен 28ге чыкканда кополоктордун санын кобойтпойт деп ким кепилдик бере алат?
+1
Zainidin96
2018-02-21 23:20:27
Урматтуу админ мен качан толук баран болом сайтка айтып койгулачы
+1
admin_superstan
2018-02-22 13:03:32
Zainidin96, саламатсызбы! Катталганыңызга 100 күн болгондо жаран статусун аласыз.
0
Zainidin96
2018-02-21 23:20:54
Жаран адашып алыпмын
+1
aerforce
2018-02-21 23:41:17
озу бмздин кыздар тв кайгуулдан башы чыкпай калды эле эми ушинтип тоногону жетишпей жатабы? бул эмне деген уят аял заты назик ыймандуу болуш керек эмне болуп баратабыз ар бирибизде эже карындаш бар кудай сактасын мындайдан кыздар кыздай болгулачы сураныч
0
Timonbay
2018-02-22 01:46:24
Атын чыкпаса, магазин тоно болуптурда бул кыздар.
+1
admin_superstan
2018-02-22 14:12:56
Elnura1997, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Aigerim4545
2018-02-23 19:42:09
Тобооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан