Бүгүн, 21-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери кызматтык унаасы менен окуучуну сүзүп кеткендиги маалымдалган. "Бул боюнча кызматкерге чара көрүү маселеси каралууда", - деди Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы.
Билдирүүгө караганда, кызматтык милдетин аткарып жүргөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери тосмонун артынан жолго чыга калган баланы сүзүп алган. Унаа сүзгөн учурда окуучуга эмес, баштыгына тийген. Дарыгерлер окуучуну текшерип көрүп, ал жеңил жаракат алганын, тизелери көгөрүп-сыйрылып кеткенин билдиришкен.
Маалымат катчы кошумчалагандай, учурда техникалык экспертиза дайындалып, унааны токтотуп калууга мүмкүн беле жана ал жер адам өтүүчү жай болгону же болгон эместиги иликтенип жатат. Ошондой эле ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан да кызматтык иликтөө иштери башталган.