Бүгүн, 21-февралда саат 15:30дар чамасында Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" соода борборунан Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, 16-февраль күнү Башкы прокуратурага эки жаран кайрылып, Биринчи Май райондук милиция кызматкерине чара көрүүнү сураган. Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө иштери башталып, опер кызматкери аныкталган кылмыш ишти жашырып коюу максатында 300 доллар акча каражатын талап кылган факт болгондугу аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында бүгүн "Айчүрөк" соода борборунан 15 миң сом алып чыгып бараткан Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн 29 жаштагы А.У. аттуу ага лейтенанты министрликтин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө башкармалыгына жеткирилип, ага "Пара алуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду, иликтөө иштери жүрүп жатат.