Ырчы Кызсайкал Бөрүбаева кыздуу болду

20-февралда ырчы Кызсайкал Бөрүбаева менен жолдошу Эрнисттин үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Дегенибиз, ырчы мындан бир нече күн мурда кош бойлуу экенин SUPER KG порталына билдирген эле. Эки жаштын ата-энелери бизге жакшы жаңылыгын айтышып, кубанычтары менен бөлүштү.

Кызсайкалдын апасы Тамара Курманалиева: "Кызым көз жарганга чейин чоң эне болсом, эми "таене" деген эки статуска ээ болдум. Кудагыйым "неберем өзүмө куюп койгондой окшош экен" деп маңдайы жарыла кубанып жатат", - дейт, толкундана.

Ал эми Кызсайкалдын кайненеси Сейил Абдырашитова: "Учурда келиним менен неберемдин акыбалы жакшы. Кызым (ред. Кызсайкал) бизге кыз төрөп берип, бактылуу чоң ата, чоң эне кылды. Наристенин салмагы 2 килограмм 800 грамм, бою узун эмитен эле. УЗИден кыз экенин билгенден кийин алдын ала Альфия деген ысымды тандап койгонбуз. Учурда үйүбүздө чоң майрам болуп жатат. Куттуктап чалгандар көп болгондуктан телефонум бир топ убакытка чейин иштебей калып жатат", - деп билдирди.

Кызсайкал Бөрүбаева - куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Мажиттин карындашы. 6 жашынан тартып сахнага чыккан Кызсайкал "Достор", "Балалык", "Апакем" жана башка чыгармаларды аткарып ырчылыкка аралашкан.

Түгөйлөр өткөн жылдын жай айларында баш кошуп, сентябрда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
zhanka1234
2018-02-21 23:25:23
2 айдан кийин торойм деп атпады беле....эми эн негизгиси бактылуу кыздардан болсун)
+6
MUHLISA
2018-02-21 23:29:36
Бактылуу кыздардан болсун .
+3
Nurik1988
2018-02-21 23:35:03
Болсун болсун омурлуу ыймандуу кыздардан болсун
+3
Pandora
2018-02-21 23:41:38
2айдан кийин элего? 7айлык окшойт.Эмнеси болсо да омуру узун болуп,оздоруно буйрусун.
+3
KRIMINAL
2018-02-21 23:43:54
Жети айлык болуп калдыбы дейин десем бою узун дейт.

АЛЛАХХЫМ бакыт берсин. Бешик боосу бек болсун!!!
+2
Pchelka85
2018-02-22 00:32:46
Супер Инфо "откондо жылдын жаз айларында Баш кошушкан" депсинер го.. Озунордун эле кабарынарды карасанар июлда деп турат. Июль айы силер учун жаз го ээ))))... Эми канча айлык болсо да, Бешик боосу бек болсун!!! Эн башкысы ыймандуу ырыс-кешиктуу, денсоолугу чын кыз болуп чонойсун. Кудайым бактылуу узуун омур берсин!!! 7 айлыкпы)) же 9 айлыкпы))). Иши кылып ата энесинин суйуусунон жаралган кыз да.
+6
ksb
2018-02-22 00:32:51
Ушул кыздын ырлырын же бир ырын уукан билген киши барбы? Бирок азыр эки кишини бир эле ырчы болуп чыгат,таң калыштуу деле эмес.Мейли эми ким болсо да бактылуу болсун,кызынын өмүрү узун болсун.Жоолук салынып калыптыр эми ырчылыкты жыйыштырып эле коёт деп ишенели
+6
Asman...
2018-02-22 00:45:51
ksb,жолдошум дин жолундагы адам чыгармачылыкты жыйыштырам деп интервью берген элего. Кызынын омуру узун ырыс кешиктуу болсун.
+1
Aselya_9105
2018-02-22 01:02:35
Кудай сактай көр, дагы күмөн санооңор башталдыбы,балким эки айдан кийин деп эсебинен жаңылгандыр, жай айларында турмушка чыгып жатса дароо боюнда болуп калды да, же болбосо чындап айына жетпей төрөдү.

Бешик боолору бек болуп, ыймандуу, акылдуу, эл керегине жараган, ден соолугу чың кыздардан болсун. Бактылуу болгула.
+3
Elnura1997
2018-02-22 04:06:42
Ар бир пенде бактылуу болууга татыктуу
7 айлыкпы 9 айлыкпы 11 айлыкпы сизге бизге кандай айырма?
Эн негизгиси акыл эстуу инсандардан болсун. Асманы ачык келечеги кен ден соолугу чын ыйманы бекем болсун
Кичинекейдин омуру узун д.с чын болсун
+4
Aidani
2018-02-22 15:38:57
Эне боулушун менее куттуктайм синдим
+1
vikidiki
2018-02-28 18:25:45
Кут болсун!! Ыймандуу балдардан болсун!! Кызсайкалды го тааныйм, бирок куйоо баланы билбейм да, укпаптырмын. Билгендер айтып койгулачы? Не болгон бала? Инстаграммда улам эле чыга берет ко? Атактуу адамдай болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан