Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын дагы бири "Севилья" командасынын Рамон Санчес Писхуан аталышындагы стадионунда болуп өттү. Испаниялык үй ээлери англиялык кызыл түстүүлөр аталган "Манчестер Юнайтед" командасын өз үйүндө кабыл алды.
Оюн "Юнайтеддин" үстөмдүгүндө болору божомолдонгону менен, оюн талаа үстүндө башкача ыргакта жүрдү. "Севилья" жааты оюн башталган биринчи мүнөттөн тартып гол согуу аракетин көрө баштады. Ойлонулган бир топ чабуулдар "Юнайтеддин" коргоочуларынан өтө алган жок.
Биринчи бөлүктүн негиздүү жагдайлары "Юнайтеддин" жарым коргоочусу Андер Эррерананын жаракат алып, ордуна Поль Погбанын талаага чыкканы болбосо, башка орчундуу учур катталган жок. Топко ээлик кылуу боюнча эки жаат тең дээрлик бирдей ойношту, биринчи бөлүк ошентип соңуна чыкты. Дарбазага сокку узатуу боюнча "Севилья" бир топ алдыда болгону менен, гол жаралган жок.
Экинчи бөлүк башталды, оюндун ыргагы баштагыдай. Топ көбүнчө ортоңку бөлүктө ойнолду. Бул бөлүктө деле үй ээлери дарбазага соккуларды атаандаштарына караганда бир топ көп узатканы менен, чечүүчү топ жаралбай жатты. Коргоочулардын ролу көбүрөөк ойнолгон бул оюн ошону менен тең чыгуу аркылуу марасына жетти.
Жооптук беттеш 14-мартта "Манчестер Юнайтед" командасынын Олд Траффорд стадионунда орун алат.