Орусиялык биринчи каналдын "Время" маалыматтык программасынын диктору Екатерина Андреева убактылуу иштен бошотулуп, анын ордуна Биринчи каналдын жетекчисинин орун басары Кирилл Клейменов алып барат. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар жазышкан.
Эфирден убактылуу бошотулган диктор күйөрмандарынан келген суроолорго жооп берди. "Мен "Время" маалыматтык программасын Волга дарыясынан Энесайга чейин алып барам. Бирок Москва бүтүндөй Орусия эмес. Менин маалыматты алып баруу убактым бүтпөйт, алып баруучулук ишимдин аякташы мүмкүн эмес", - деген билдирүүсүн социалдык баракчасына жазып чыккан.
Белгилүү болгондой, Биринчи каналдын басма сөз кызматы тажрыйбалуу дикторду иштен кетирүү тууралуу сөз болбогондугун маалымдаган. Ошондой эле Екатерина Андреева дем алыш күндөрдөгү жаңылыктарды эфирге алып чыгарын жана жаңы студияда иштөөнү үйрөнгөндө кайрадан ордуна келерин билдирген.
Би-би-синин Орусиядагы кызматы Екатерина Андреева Биринчи каналдын башкы жетекчиси Константин Эрнст менен салкын мамиледе экенин айткан. Ал эми каналдын жетекчиси Константин Эрнст: "Клейменов "Время" маалыматтык берүүсүн президенттик шайлоого чейин (Орусиянын президентин шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтөт) алып барат", - деп билдирген.