Чемпиондор лигасынын 1/8 баскычындагы украиналык "Шахтёр Донецк" командасы менен италиялык "Рома" командасынын ортосунда кызыктуу оюн 21-февралда орун алды.
"Рома" жааты алдын ала божомол боюнча оюндун жеңүүчүсү саналганы менен, оюн такыр башкача кырдаалда өттү. Топ тоголок деген ушул экенин дагы бир жолу моюндоого туура келет. Тажрыйбалуу оюнчулар менен тең ата оюн көрсөткөн "Шахтёр" командасы оюндун тизгинин конокторго алдырган жок. Башында айткандай, "Рома" тажрыйбага бай команда экенин далилдеп, биринчи бөлүк бүтөрүнө 4 мүнөт калганда үй ээлеринин дарбазасына гол киргизди. Гол ээси италиялык команданын жарым коргоочусу Женгиз Ундер. Биринчи бөлүк голго бай болбосо да, экинчи бөлүктөгү оюндун курчушуна алып келе турган жыйынтык менен соңуна чыкты. Эсеп 0:1, коноктор алдыда.
Бул бөлүк дагы бир тараптын гана оюну менен жүрүп жатты деп айтуу чекилик, оюн тең ата болуп жатты. Бир чети өз үйүндө ойноп жаткан, экинчиден утулуп ыза тартып калган "Шахтёр" жааты экинчи бөлүк башталганына 7 мүнөт болгондо оюн санын теңеп кетишти. Украиналыктарга бул голду Факундо Феррейра белек кылды. 1:1 эсеби эки тарапты тең ыраазы кылмак эмес, муну билген командалар гол согуу аракетин көрүп жатышты, бирок жыйынтык жок.
Оюндун убактысы 71-мүнөтүнө жеткенде жогорку чеберчиликте аткарылган кооз голго күбө болдук. Стандарттык абалдан узаткан "Шахтёрлук" команданын оюнчусу Фреддин тобу жогорку тогуздуктагы дарбаза темирине тийип, андан соң дарбазага түшкөн. Мындай чебер соккуга "Рома" дарбазачысы Алисон эч кандай чара көрө алган жок. Оюн 2:1, Металлист стадионуна толгон күйөрмандардын кыйкыруусунан кулак тунчудай. Андан кийинки мүнөттөрдө оюн эсебине өзгөрүү кирген жок, 2:1 эсеби менен "Шахтёр Донецк" өз үйүндө "Романы" жеңип алды.
Жооптук беттеш 14-март күнү орун алат, анда "Рома" өз үйүндө "Шахтёрду" күтүп алат. Украиналыктар 1/4 баскычка чыга алабы ошондо чечилет.