Бишкек-Ош унаа жолунун 68-чакырымында бензовоз 12 жашар баланы сүзүп, ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-февралда саат 16:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 68-чакырымында болгон.
"Бензовоз жолду туура эмес кесип өтүп бара жаткан 12 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кийин жолдон чыгып чиркегичи оодарылып, 15 тонна мазут төгүлгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары, басма сөз кызматынан жол кырсыгынан жаракат алган өспүрүм Кара-Балта шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин, учурда абалы оор экенин кошумчалашты.