Экс-президенттин доосун төлөп берүү үчүн журналист Нарын Айыптын батири сатыкка коюлбай турган болду
Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Нарын Айыптын батирин сатыкка коюу талабы менен кайрылган экс-периздент Алмазбек Атамбаевдин өкүлүнүн арызы каралды. Отурумда Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков аталган батир журналисттин баш калкалоочу жалгыз жайы экени аныкталганын, ошондуктан анын батирин сатыкка коюу боюнча арыздан баш тартарын айтып өтүнүч келтирди. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.
Буга чейинки соттордун чечими менен Нарын Айып экс-президентке моралдык чыгым катары, 9 миллион сом доого жыгылган. Журналисттин айтуусуна караганда, учурда ага адамдар жардамдашып жатып 300 миң сомдон ашуун каражат чогулган.
"Мен баш-аягы 9 миллион сом доону төлөп беришим керек эле. Учурда жардамдашууну көздөгөн адамдардан чогулуп жатып, сом менен 300 миң болду. Андан сырткары доллар евро менен да бергендер бар", - дейт журналист.
Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев доо арызды төлөтүү үчүн Нарын Айыптын Бишкектеги үйүнүн үчтөн бир бөлүгүн, Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатыкка койдурууну соттон өтүнгөн.